Баткен
Тамак-ашты коңшу
өлкөдөн сатып алам

Акаев негиздеген айылдын азыркы абалы
Баткен
Тамак-ашты коңшу
өлкөдөн сатып алам
Акаев негиздеген айылдын азыркы абалы
Баткендеги Максат айылында үйлөргө жакын бетон бөгөттөр узатасынан созулат, алардын дал аркасында Тажикстан. 1994-жылы Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жер тилкесин Душанбе тарап талашпасын деген саясат менен бул кыштакты атайын түптөгөн. Ошентип максаттыктар 24 жылдан бери мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жашап келишет...
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны көрүү үчүн эч кандай кордон жана белгилердин деле зарылчылыгы жок, себеби тажик тараптагы жапжашыл жана биздин аймактагы күнгө күйгөн кургак талаа дароо эле көзгө урунат.
Кан жолдун боюнда окшош курулган фин тибиндеги тамдар. Алар 24 жыл илгери ошол кездеги президент Аскар Акаевдин көрсөтмөсү менен тургузулган: ал киши үчүн бул жердин Кыргызстанга таандык экенин белгилөө маанилүү болгон. Гүлпара Жүзбаева аталган кыштактын алгачкы тургундарынын бири. Үйдүн ачкычын көп бүлөлүү эмгек ардагери болгон атасына тапшырышкан.

"Менин 9 бир тууганым бар эле. Бул жакка Кулунду айылынан көчүп келгенбиз, анткени мында жер тилкебиз бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жер жаатында бул аймакта көйгөй чоң. Бизди жер менен кызыктырышкан", — деп баяндады Жүзбаева.
Дал ушул жер тартыштыгы маселесинен улам үйлөр мында наркынан да жогору турат: орточо 20 миң доллардын тегерегинде. Эл негизинен 30 сотых жер тилкеси үчүн төлөйт, себеби, жарым-жартылай талкаланган имараттар бул жакта кимди кызыктырсын. Фин тибиндеги үйлөр абдан начар салынгандыктан катуу соккондо дубал жылчыктарынан шамал кирет, ал эми жайкысын шыптын тешиктеринен жылдыздарды көрүүгө болот.

Жергиликтүү тургун Лайли Аширова мында эч кимдин жашагысы келбегендигинин дагы бир себебин атап берди.

"Ошол кезде аткаминерлер көптөгөн үйлөрдү өз туугандарына таркаткан. Алар андай катаал шарттарда жашап көнбөгөндүгү турган иш эмеспи. Бекер эле берилген үй, бирок же суусу, же көчөсү жок", — деди ал.

Айтмакчы, үй салууда бул жерде чоң маселе жаралат: имараттарды тургузуу дайым эки өлкөнүн чек арачыларынын көңүлүн бурат. Кээде алар казылган чуңкурдун ээсине келип, курулушту токтотууну өтүнүшөт. Эрежеге ылайык, алардын айтканын эч ким эки кылбайт.
Лайлинин тамынан элүү метр аралыкта Тажикстан башталат. Чек ара бетондолгон коргон менен белгиленген, бирок жергиликтүү тургундар ыгын билгендиктен, коңшу мамлекетке күнүнө беш-алты ирет кирип-чыгышат.

"Башта, биз жакка суу киргизиле электе балдарым чек аранын нары жагынан суу ташып келишчү. Уулум эшекке араба чиркеп алып, чек арадан өтчү. Бир ирет аны жергиликтүү балдар сабап салышыптыр, эмне кыла аласың, бала деген бала да. Уулум үчүн тынчсызданып, андан кийин ал жакка жалгыз жибербей калгам. Үч айлык ымыркайымды көтөрүп алып, анын аркасынан барчумун", — деди Лайли.
Тамак-аш ташып келүү үчүн да айылдын жашоочулары Тажикстанга барышат. Чек аранын наркы тарабында Кыргызстанга караганда азык-түлүк алдаканча арзан экендигин айтат жергиликтүү тургундардын бири Айыпжан Шайбеков.

"Жакынкы кыргыз базары 10 чакырым ыраактагы коңшу айылда жайгашкан, ал эми тажик базарына жөө-жалаңдап бара аласың. Азык-түлүк ал жакта арзаныраак. Маселен, эттин бир килосу 350 сом турса, алардын базарында 280 сом. Кийим-кеченин жана бут кийимдин баарын биз Тажикстандан сатып алабыз", — деп белгиледи Шайбеков.
Жергиликтүү тургундар коңшу республиканын чек арачыларынын аракеттерине абдан нааразы, мында атышуулар көп болот. Мисалы, май айында эле Тажикстандын аскерлери футбол талаасынан кыргызстандык соодагерлерди кууп чыккан.

Жаңжалга биздин чек арачылардын отряды да кийлигишкен. Тигилер өз ниеттеринин олуттуу экендигин эскертип асманга ок чыгарышкан, акыры кармалышты.

Ошентсе да Тажикстандын катардагы жарандары менен жашоочулардын мамилеси түзүк. Алар кыргыз аймагына акча таап алууга көп келишет. Жергиликтүү тургун Жусуп Жалилов учурда Россияда иштеп, акча жөнөтүп турган бир тууган карындашына үй курууда.

"Тажикстандыктар иш баштаганда башка эч нерсеге алаксыбагандыгын айтып жубайларыбыз кулагыбыздын кужурун алды. Чындап эле алар тамактанып же бир аз тыныгып алуу үчүн да эч токтошпойт, жумушчу катары абдан жакшы бааланышат", — дейт ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Тажикстандан келгендердин эркектери бир күндүк ишке миң сом, аялдары алты жүз сом сурашат. Мында иш деле көп болбогондуктан, кыштактын өзүндө деле акча жок.
Айыл жашоочуларынын басымдуу бөлүгү Россияда иштеп жан багат. Мал кармагандан деле киреше жок, анткени кыштактын аймагында малга тоют болчу жарытарлык чөп деле өспөйт. Тоютту сырттан тартып келүүгө туура келет.

Жергиликтүү тургундардын турмушуна 2012-жылкы кургакчылык катуу зыян келтирген, Баткен облусу боюнча тоюттун таңсыктыгынан бул аймактарда кара мал көп кырылган. Гүлпара Жүзбаева ошол убакты азыр да үрөйү уча эстейт.

"Ошондо чөптүн бир таңгагы эле беш жүз сомго жеткен! Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул жакка Чүй облусунан тоют ташыган, бирок ага карабастан, баары бир мал көп кырылган", — деди ал.

Дыйканчылык менен алектенүү деле мында пайдалуу эмес: топурак туздуу, андан жакшы түшүм алуу кыйын. Ошентсе да эки жыл мурун суу киргизишкен, эми жергиликтүү тургундар картошка, помидор, бадыраң, кулпунай тигип, түшүм ала башташты. Алтургай, кимдир бирөө алча багын да тикти.

"Эмнеге тажик тарап жапжашыл, ал эми биз жак бопбоз деп сиз да суроо салдыңыз. Ооба, топурак начар, бирок мен бакча тигип алдым го. Болгону эмгектен чочулабаш керек. Эгер жаштар жакшы жашоону самап сыртка кетпегенде, биз тарап дагы жапжашыл болмок", — деп кейиди Лайли Аширова.
Умарбай Хайдаровдун үй-бүлөсү Тажикстандан көчүп келген. Аларга этникалык кыргыз катары 15 сотых жер тилкеси бөлүнгөн. Өз колу менен там тургузган үй ээси кезинде бардык курулуш материалдарын дөңсөөгө чейин өзү ташыган, анткени анын үйүнүн тушунда жол жок.

"Бул жакта жолдор эмнеге мынча талкаланган? Бул кан жолдон оор жүк ташуучу унаалар дайым товар ташып өтөт. Бул чоң бизнес, биз сымал карапайым адамдарды андай жерге жолотушпайт", — деди ал.

Хайдаров үй куруу менен оокат кылат. Төрт кишилик бригадага пайдубалдын бир куб метри үчүн 760 сом төлөнүп, түшкү тамак да уюштурулат.

"Азыр бизге сомони менен төлөшөт. Тажик акчасы да мында баалуу: жергиликтүү дүкөндөр жана автобустар сомду дагы, сомонини да кабыл алат, андыктан, айырмасы жок", — деди ал.
Умарбай жай мезгилинде гана акча табууга болоруна кейийт. Кышкысын мында жашоо токтоп калгандай, атургай, насыяны да балдардын жөлөк пулунан төлөп калышат.

"Тамдын ичин жайгаштырууга 30 миң сом карыз алгам, айына 1352 сомдон төлөйм. Бул үч жылга созулат. Мамлекет беш балага айына 3500 сом жөлөк пул берет. Кышында ушул акчанын көзүн карап калабыз", — деди ал.
Ыраактан ири мунара көрүнөт. Кыргыз кыштактын турмушуна биздин чек арачы көз айырбастан байкоо салат. Колуна автоматын сыга кармай ал алыска көз чаптырып турат...
Автор
Асель Минбаева

Фото жана видео
Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев