Айтматовдун баягы каармандары сүрөттө: кечээ жана бүгүн
Быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Калеми менен дүйнө элин багындырган жазуучунун чыгармаларынын көбү экрандаштырылган. "Ак кемедеги" Нургазы же "Жамийла" тасмасында Сейит, түн жамынып согуштан качып келген Ысмайыл баарыбыздын эсибизде.

Улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде жаралган тасмаларга мен-мен деген кыргыздын белдүү, беделдүү артисттери тартылган. Алардын айрымдарынын көзү өтүп кетсе, кээ бири бүгүнкү күндө ар кыл кесиптин ээси. Sputnik Кыргызстан агенттиги Айтматовдун чыгармаларын эске салганча, анын айрым каармандарын чогултуп азыркы жана тасмага тартылган убактагы сүрөттөрүн салыштырды. Андан бери жарым кылым өтүп, кино каармандардын чачын ак басып, алды 70 жаштан өтүптүр.
"Ак кеме" тасмасындагы Бала — Нургазы Сыдыгалиев
Башына капитандын шапкесин кийип, колуна портфель көтөргөн бакыраң көз Нургазы Сыдыгалиев 51 жаштын чайын ичип отурган кези. 16 жыл Коргоо министрлигинин оркестринде кызмат кылып, үйлөмө аспапта ойногон актер учурда окуучу балдарга музыкадан сабак берет. Үч баланын атасы, эки неберенин чоң атасы болгон. Сыдыгалиев тасмага тартылган убагын эстеп, бала кезинде өтө шок болуп, тентектигинен эки адамды өлтүрүп ала жаздаганын айтып күлдү.
"Жамийла" тасмасындагы — Наталья Аринбасарова
СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, актриса Наталья Аринбасарова учурда Москва шаарында жашайт. Аринбасарованын атасы казак улутунан, энеси полька болгон. "Жамийла" тасмасында Жамийланын, "Биринчи мугалимде" баш каарман Алтынайдын ролун аткарып, убагында Венеция кинофестивалынан "Вольпиянын алтын кубогун" алган. Режиссер Андрей Кончаловскийге турмушка чыгып андан уулду болгон, кийин ажырашып экинчи никесинен кызы бар. Актриса учурда 72 жашта.
"Жамийла" тасмасындагы Сейит — Назирет Дубашев
"Жамийла" фильми Назирет Дубашев тартылган биринчи тасма эмес. Эң биринчи жолу ал 1965-жылы режиссер Андрей Кончаловский тарткан "Биринчи мугалим" тасмасында Субан деген баланын ролун ойногон. Андан кийин Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасында да баш каармандын образын жараткан. Окуучу кезинде эле киножылдыз болгон актер армияга барып келгенден кийин чыгармачыл чөйрөсүнөн алыстап кеткен. 65 жашка келип калган Дубашев учурда мал чарбачылык менен алектенип, Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында турат.
"Эрте келген турналар" тасмасындагы
Султанмурат — Эмил Борончиев
Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" чыгармасынын негизинде тартылган тасманын башкы каарманы Эмил Борончиев 55 жашка чыкты. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде кино кафедрасында мугалим. Бүт өмүрүн киного арнаган актер жалпы 27 тасмага тартылган.
"Эрте келген турналар" тасмасындагы
Мырзагүл — Нүргүл Киндербаева

"Эрте келген турналар" тасмасындагы Султанмураттын сүйгөнү, беш көкүлчөн Мырзагүлдүн ролун Нүргүл Киндербаева ойногон. Учурда ал Түркияда БУУнун аймактык кеңсесинде эмгектенип, Стамбул шаарында жашайт. Ал жакта аял менен кыздардын укугу боюнча иш алып барууда.
"Бетме-бет" тасмасындагы Сейде — Шайыр Касымалиева
Айтматовдун "Бетме-бет" тасмасындагы Сейденин ролун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева аткарган. Азыр актриса 50 жашта. "Бетме-бет" тасмасына 21 жашында тартылып, ал кезде чыгармачылыкка жаңыдан аралаша баштаган мезгили экен. Бир кыздын апасы, үч неберенин таенеси. Актриса жакында өзүн сценарист, продюсер катары сынап "Махабат" аттуу тасма тарттырган.
"Бетме-бет" тасмасындагы Ысмайыл — Бусурман Одуракаев
Бусурман Одуракаев актерлук кесибин андан ары улантып кеткендердин катарын толуктайт. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов эл аралык сыйлыгынын лауреаты. "Бетме-бет" тасмасына 26 жашында тартылган. Актер чыгармачыл топ менен 1990-жылы Талас облусунун Көк-Сай айылына барып, чыгармадагы чыныгы 82 жаштагы Ысмайылдын прототиби менен жолугуп келген. Одуракаев үч уулдун атасы. Учурда Кыргыз фильмде, Киноматография департаментинде эмгектенет. 55 жаштын жазын өткөрүп жаткан кези.
"Мен Тянь-Шань" тасмасындагы
Илияс — Дүйшөн Байдөбөтов

Илияс — Айтматовдун "Делбирим" повестиндеги негизги каарман. Чыгарманын негизинде тартылган "Мен Тянь-Шань" тасмасында Илияздын ролун Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов ийине жеткирген. Фильмге тартылган убакта Байдөбөтов Москвада театралдык институтта билим алып жүргөн жапжаш 22 жаштагы эле бала экен. 17 жашымда эле үйлөнгөм деген актер азыр үч баланын атасы. Бирок улуу баласы оорудан улам каза болуп, Байдөбөтов үч жыл мурун инсульт алып, үйдө жатып калган. Учурда абалы бир аз жакшырып, сүйгөн жумушуна (кыргыз драма театрына) кез-кезде эле келип турат.

"Мен Тянь-Шань" тасмасындагы
Кадийча — Назира Мамбетова

Назира Мамбетова өмүрүнүн бүтүндөй 50 жылын сахнага байлаган. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, салмактуу кино тасмаларда жана спектаклдерде роль жаратып маданиятка салым кошкон актриса. Акын Менди Мамазаированын Мамбетовага арналган "Актриса" аттуу пьесасы бар. Жакында эле режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" тасмасында улуу датканын орто курагын аткарган.
Автор
Таалайгүл Усенбаева

Сүрөтчүлөр
Табылды Кадырбеков
Жоомарт Ураимов
Александр Федоров
Кошумча РИА Новости, Мамлекеттик архивден да алынды

Дизайнер
Даниил Сулайманов