ТЕМИР КАНАТ
Өрт жигиттер! Өлкөнүн эң мыкты жана эң кымбат футболчулары кимдер?
ТЕМИР КАНАТ
Өрт жигиттер! Өлкөнүн эң мыкты жана эң кымбат футболчулары кимдер?
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин "Темир канат" долбоору маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, өлкөнүн атын алыска тааныткан жаштарды элге таанытууга арналган.

Бул ирет футболчу мырзаларды тизмектейбиз. Белгилей кетсек, спортчулар курама команданын мүчөсү.
Антон Землянухин
Туулган жылы, күнү — 1988-жыл, 11-декабрь

Туулган жери — Чүй облусунун Кант шаары

Билими: Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы — бир кыздын атасы

Бою — 175 сантиметр

Салмагы — 68 килограмм

Машыктыруучусу — Александр Давыдов

Клуб — "Атырау" (Казакстан)

Амплуа — жарым коргоочу

Ойногон клубдары: "Мурас-Спорт" (2006), "Абдыш-Ата" (2007, 2009, 2011), "Гиресунспор" (Түркия 2007-2010), "Тараз" (Казакстан 2010-2011), "Актөбө" (Казакстан 2012-2013), "Кайрат", "Кайсар" (Казакстан 2013-2014), "Раднички" (Сербия 2015), "Сисакет", "Сукхотхай" (Таиланд 2016-2017), "Хабаровск" (Россия 2017), "Атырау" (Казакстан 2018)

Жетишкендиктери: Футбол федерациясынын маалыматы боюнча Кыргызстандын тарыхындагы курама команданын эң мыкты чабуулчусу (12 гол киргизген). Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү, мыкты чабуулчу жана оюнчу (2009).
Мирлан Мурзаев
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 29-март

Туулган жери — Баткен облусунун Сүлүктү шаары

Билими: Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 3-курсунун студенти

Үй-бүлөлүк абалы — жубайы бар

Бою — 183 сантиметр

Салмагы — 80 килограмм

Машыктыруучусу — Александр Давыдов

Клуб — "Серикспорт" (Түркия)

Амплуа — чабуулчу

Ойногон клубдары: "Дордой" (2006-2009), "Мурас-Спорт" (2006), "Локомотив" (Москва 2010), "Хапоэль" (Петах-Тиква 2011), "Денизлиспор" (Түркия 2014), "Дордой" (2012-2015), "Авжет Афианспор" (Түркия 2015-2016), "Ушакспор" (Түркия 2016-2017), Серикспор (Түркия 2018).

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону (2007, 2008, 2009, 2012, 2014), Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү (2008, 2012, 2014), Президенттин кубогунун жеңүүчүсү (АФК-2007), Президенттин кубогунун мыкты оюнчусу жана эки жолку мыкты чабуулчусу (2008, 2009, 2010).
Валерий Кашуба
Туулган жылы, күнү — 1984-жыл, 14-сентябрь

Туулган жери — Чүй облусунун Беловодское айылы

Билими:

2000-2005 — Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистиги;

2011-2013 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын дене тарбия жана спорт бөлүмү;

Үй-бүлөлүк абалы — эки баланын атасы

Бою — 184 сантиметр

Салмагы — 75 килограмм

Машыктыруучусу —Александр Крестинин

Клуб — "Дордой"

Амплуа — дарбазачы

Ойногон клубдары: "Дордой" (2001-2002, 2006-2009, 2016-жылдан азыркыга чейин), "Шоро" (2003-2005), "Алга Бишкек" (2010), "Ак Булак" (Казакстан 2011-2012), "Алай" (Ош 2013-2014), "Худжанд" (Тажикстан 2015).

Жетишкендиктери: Кыргызстандын эң мыкты дарбазачысы (2006, 2007, 2014), Президенттин кубогунун мыкты оюнчусу (АФК-2007), Кыргызстандын чемпиону (2006, 2007), Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү (2003, 2006, 2017).
Азамат Байматов
Туулган жылы, күнү — 1988-жыл, 3-декабрь

Туулган жери — Ош шаары

Билими: Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алган

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 187 сантиметр

Салмагы — 82 килограмм

Клуб — Борнео (Индонезия)

Амплуа — коргоочу

Ойногон клубдары: "Дордой" (2008, 2010-2011, 2012-2015), "Транзит" (Латвия 2009), "Вентспилс" (Латвия 2009), "Сибирь" (Россия 2012), "Ситра" (Бахрейн 2015), "Риффа" (Бахрейн 2016-2017), "Борнео" (Индонезия 2018).

Жетишкендиктери: Кыргызстандын мыкты футболчусу (2010, 2012), Кыргызстандын көз карандысыздык кубогунун ээси, КРдин чемпиону (2008, 2011, 2012), КРдин кубогунун жеңүүчүсү (2008, 2012), Латвия чемпионатынын күмүш медаль ээси (2013).
Тего Дениэл Нии Армах
Туулган жылы, күнү — 1986-жыл, 3-март

Туулган жери — Гана республикасынын борбору Аккра

Билими — орто

Үй-бүлөлүк абалы — бир кыздын атасы

Бою — 178 сантиметр

Салмагы — 76 килограмм

Машыктыруучусу — Александр Крестинин

Клуб — "Дордой"

Амплуа — борбордогу коргоочу

Ойногон клубдары: "Берекум Арсенал" (Гана 2003-2005), "КАМАЗ" (Москва 2007), "Дордой" клубу, улуттук курама команданын мүчөсү (2007-2016), "Аль-Хала" (Бахрейн 2016).

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону (2008, 2009, 2011, 2012, 2014), Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү (2008, 2009, 2011, 2012, 2014, 2016, 2017), Президенттин кубогунун жеңүүчүсү (АФК-2007), Кыргызстандын мыкты футболчусу (2009).
Бактыяр Дүйшөбеков
Туулган жылы, күнү — 1995-жыл, 3-июнь

Туулган дери — Ысык көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылы

Билими:

2011-2016 — Кыргыз улуттук университетинин бизнес жана башкаруучулук факультети

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 182 сантиметр

Салмагы — 74 килограмм

Машыктыруучусу — Александр Крестинин

Клуб — "Дордой"

Амплуа — жарым коргоочу

Ойногон клубдары: "Абдыш-Ата" (2010-2015), "Крумкачы" (Белоруссия 2016), "Спарта Давсаспор" (Түркия 2017), "Дордой" (2018).

Жетишкендиктери: КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси (2014, 2017), Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү (2015) жана күмүш медаль ээси (2013), Кыргызстан лигасынын жеңүүчүсү (2010), "Tsunami Cup" эл аралык турниринин жеңүүчүсү (Индонезия 2017).
Калыс Акималиев
Туулган жылы, күнү — 1992-жыл, 16-ноябрь

Туулган жери — Жалал абад облусунун Кара-Көл шаары

Билими:

2010-2016 — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин инженер-электрик адистиги

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 182 сантиметр

Салмагы — 76 килограмм

Машыктыруучусу — Валерий Березовский

Клуб — "Абдыш-Ата"

Амплуа — дарбазачы

Ойногон клубдары: "Нефтчи" (2010-2011), "Абдыш-Ата" (2012).

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону (2010), КРдин кубогунун жеңүүчүсү (2013, 2015), Супер кубоктун жеңүүчүсү (2011, 2013, 2016), Легенда кубогунун жеңүүчүсү (2014).
Курсан Шератов
Туулган жылы, күнү — 1989-жыл, 1-октябрь

Туулган жылы — Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары

Билими:

2006-2012 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин маданий-социалдык сервис жана туризм факультети

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 183 сантиметр

Салмагы — 77 килограмм

Машыктыруучусу — Мурат Авчиев

Ойногон клубдары: "Кант 77" (2007), "Абдыш-Ата" (2008-2012), 2013-жылдан бери "Дордой".

Жетишкендиктери: КРдин чемпиону (2014), КРдин кубогунун жеңүүчүсү (2009,2011,2014,2016,2017), КРдин супер кубогунун ээси (2013,2014).
Эдгар Бернхардт
Туулган жылы, күнү — 1986-жыл, 30-март

Туулган жери — Чүй облусунун Новопавловка айылы

Билими: Германиядагы Berufskollege Lübbecke окуу жайын аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы — бир кыздын атасы

Бою — 174 сантиметр

Салмагы — 70 килограмм

Клуб — Тыхы (Tychy польшалык клуб)

Амплуа — жарым коргоочу

Ойногон клубдары: "Оснабрюк" (Германия 2004-2006), "Айнтрахт Брауншвейг" (Германия 2006-2007), "Эммен" (Нидерландия 2007-2008), "Оснабрюк" (Германия 2008-2009), "Вупперталь" (Германия 2009-2010), "Ваасан", "Лахти" (Финляндия 2010-2012), "Краковия", "Яро" (Польша, Финляндия 2012-2014), "Видзев" (Польша), "Прачуап" (Польша, Таиланд 2015-2016), 2015-жылдан бери Кыргызстан улуттук курама командасынын мүчөсү, "Аль-Оруба" (Оман 2016), "Энерги" (Германия), "Рёдингхаузен" (Германия), "Стал Милик", "Тыхы" (Польша 2017-2018).
Аманбек Маныбеков
Туулган жылы, күнү — 1995-жыл, 5-август

Туулган жери — Талас облусунун Бакай-Атай районунун Кең-Арал айылы

Билими:

2011-2014 — Бишкек экономика жана финансы техникумунун бухгалтер бөлүмү

2013-2017 — Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын экономика факультети

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 175 сантиметр

Салмагы — 69 килограмм

Машыктыруучулары — Валерий Березовский, Марат Жумакеев

Клуб — "Абдыш-Ата"

Амплуа — оң, сол жактан коргоочу

Ойногон клубдары: "95" (2012-2014), КейДжи Юнайтед (2014-2016), "Абдыш-Ата " (2016).

Жетишкендиктери: КРдин жаштар арасында чемпиону (2010), Спартакианын чемпиону (2014), КРдин супер кубогунун жеңүүчүсү (2016), Топ лиганын күмүш медаль ээси (2017), Цунами кубогунун жеңүүчүсү (Индонезия, 2017).
Фархат Мусабеков
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 1-март

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими:

2011-2016 — Кыргыз улуттук университетинин экономика жана менеджерлик башкаруу бөлүмү

Үй-бүлөлүк абалы — жубайы бар

Бою — 177 сантиметр

Салмагы — 70 килограмм

Машыктыруучусу — Александр Крестинин, Николай Южанин

Клуб — "Илбирс"

Амплуа — жарым коргоочу

Ойногон клубдары: "Живое пиво" (2009-2011), "Абдыш-Ата" (2011-2015), "Академия-Кишинёв" (Молдова 2016), "Таврия" (Крым 2016-2017), "Алмалык" (Өзбекстан 2017-2018), "Илбирс" (Бишкек 2018).

Жетишкендиктери: КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси (2013-2014), КРдин кубогунун жеңүүчүсү (2015).
Жыргалбек уулу Кайрат
Туулган жылы, күнү — 1993-жыл, 13-июнь

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими — орто

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 178 сантиметр

Салмагы — 72 килограмм

Машыктыруучусу — Александр Крестинин

Клуб — "Дордой"

Ампула — жарым коргоочу

Ойногон клубдары: "Абдыш-Ата" (2009-2014), 2014-жылдан бери "Дордой".

Жетишкендиктери: КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси (2014, 2015, 2016), КРдин кубогунун жеңүүчүсү (2016, 2017), Sport Awards версиясы боюнча "Жылдын мыкты футболчусу".
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы, Табылды Кадырбеков

Дизайнер
Даниил Сулайманов