ТЕМИР КАНАТ
Азыркынын Таттыбүбүсү менен Сүймөнкулу ким?
Топ жарган жаш актерлор

ТЕМИР КАНАТ
Азыркынын Таттыбүбүсү менен Сүймөнкулу ким?
Топ жарган жаш актерлор

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин "Темир канат" долбоору маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, өлкөнүн атын алыска тааныткан жаштарды элге таанытууга арналган.

Бул ирет кино жана театр искусствосуна салымын кошуп, эл оозуна алынып келе жаткан жаш актер-актрисаларды тааныштырабыз. Белгилей кетсек, тизмедегилер маданият тармагындагы бир нече адистин кеңеши менен тандалат. Жаш курактары 18-35 жашка чейин.
Элина Абай кызы
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 2-апрель

Туулган жери — Бишкек шаары

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыккан

Билими:

Кыргыз улуттук университетинде бухгалтер адистиги боюнча билим алган;

Актердук чеберчилик боюнча режиссер Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынан өткөн.

Тартылган тасмалары:

"Боз салкын" (2007), "Гаишники" (2007-2010 сериал), "Уурунун махабаты" (2009), "Күкүк-Шахра" (2011), "Сулуулар жана миллион" (2012), "Курманжан датка" (2014), "Жат" (2015, Казакстан), "Саякбай" (2017).

Мамлекеттик "Даңк" медалынын ээси.
Эржан Осмонов
Туулган жылы, күнү — 1988-жыл, 1-январь

Туулган жери — Талас облусунун Талас районундагы Талды-Булак айылы

Билими:

2006-2009 — Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук акедемиялык драма театрынын алдындагы окуу жайдан билим алган;

2013-2016 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин театр жана кино факультетин аяктаган;

Үй-бүлөлүк абалы — бир кыз, эки уулдун атасы;

Устаттары — КРдин Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев, Назым Мендебаиров;

Театрдагы ролдору:

"Манастын уулу Семетей" (Семетей), "Боронбай бий" (Боронбай), "Томирис" (Рустам), "Абийир кечирбейт" (Масадык), "Чыңгыз хандын ак булут" (Эрдене), "Ак боз ат" (Шырдакбек хан), "Курманжан датка" (Камчыбек);

Тартылган тасмалары:

"Жел кайып" (2007), "Жыйырманчы жаз", "Ишен" (2012), "Баатыр" "Курманжан датка" (2015);

Иш тажрыйбасы:

2009-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук акедемиялык драма театрынынын актеру.
Галина Кетова
Туулган жылы, күнү — 1983-жыл, 18-июнь

Туулган жери — Бишкек шаары

Үй-бүлөлүк абалы — үч уулдун энеси

Билими:

2000-2005 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин театр жана кино факультетинде билим алган;

Устаттары:

КРдин Эл артисттери Зинаида Петренко, Владимир Скоропись жана Михаил Такаевдин чеберчилик курсунан өткөн;

Театрдагы ролдору:

"Борис Годунов" (Ксения), "Назик жүрөктүн арманы" (Настенька), "Америкалык оромо" (мейман), "Ашык болгон айлакер адам" (Фениса), "Сүйүүнү орустар ойлоп тапкан" (Агафья Тихоновна), "Бөлөк бала" (Рая), "Себи жок кыз" (Вика), "Бурганак" (Ариэль), "Кылмыштуу жагдай" (Мариям), "Маркумдун таажысы" (Жезкемпир), "Күлала" (Анна), "Жайдын бир күнүндөгү уйку" (Эльф), "Валентин күнү" (Валентин), "Кар ханышасы" (карга), "Таш конок" (Донна Анна), "Балатынын көргөзмөсү" (аяз кыз) жана башка ролдор.

Тартылган тасмалары:

"Метамарфоза" (2006), "Шахра Күкүк" (2011), "Нонсенс" (2012), "Тавро Кассандры" (2014), "Саякбай", "Баары жаңыдан башталат" (2017).

2017 — КРдин Эмгек сиңирген артисти;

Иш тажрыйбасы:

2001-жылдан бери "GALA" коомдук фондусунун президенти;

2003-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында актриса;

2012-2014 — Кыргызстандагы россиялык илим жана маданият борборунда маданий долбоорлор боюнча координатор;

2009-жылдан бери "АРТэрия" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
Станислав Касьянов
Туулган жылы, күнү — 1983-жыл, 23-ноябрь

Туулган жери — Бишкек шаары

Үй-бүлөлүк абалы — эки баланын атасы

Билими:

2004-2005 — Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика факультетинде билим алган;

2000-2004 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин англис тилинин лингвистикасы бөлүмүн бүтүргөн;

Театрдагы ролдору:

"Хандын мыкты чабандеси" (сакчы), "Мария Тюдор" (Лорд Монтегью), "Шайтан" (орус офицери), "Таш конок" (Дон Карлос), "Чеховдун 50 өңү" (Дон Карлос), "Акыркы чакыруу" (француз журналисти), "Евгений Онегин" (Александр Пушкин), "Театр тирүү" (башчы).

Тартылган тасмалары:

"План Б" (2016), "Саякбай" (2017).

Иш-тажрыйбасы:

2005-2015 — бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген;

2015-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында башкы администратор, актер;
Мээрим Атантаева
Туулган жери — Бишкек шаары

Билими:

Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин аяктаган;

Экономика жана улуттук чарбаны уюштуруу бөлүмүнөн магистрдик билим алган;

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кийимдерди көркөмдөп тигүү факультетин аяктаган;

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Устаттары — Карина Акматалиева, Таалайбек Кулмендеев, Талант Акынбеков, Мирбек Кадыралиев;

Тартылган тасмалары:

"Көк салкын 2" (2013), "Иттей сулуу" (2014), "Шайлоо-жайлоо", "Курут" (2015), "Мунабия", "Камень, ножницы, бумага" (2016), "Кентавр" (2017);

Кыска метраждуу тасмалар: "Снуз" (2010), "Убада" (2013), "Таксист" (2016);
Адилет Усубалиев
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 6-ноябрь

Туулган жери — Чүй облусунун Беловодское айылы

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Билими:

2007-2013 — Кыргыз мамлекеттик искусство институнун театр жана кино факультетин аяктаган;

2012-2015 — Кыргыз улуттук консерваториясынын жеке ырдоо адистигинде окуган;

2012-2014 — Каскадерлук искусствону үйрөнгөн;

Устаты — Сакен Сазаев, Аким Текешов.

Театрдагы ролдору:

"Ыйык Курманжан" (2011), "Принцесса Турандот" (2015), "Отелло" (2012).

Тартылган тасмалары:

"Көргүм келет" (2013), "Курманжан датка" (Камчыбек), "Карт бойдок 2" (Арген), "Чак түштөгү чагылган" (2014), "Уламыштар" (2016), "Дарак ыры", "Жамгырдан кийин", "Данияр" (2018);

Иш тажрыйбасы:

2008-2016 — Тумар радиосунундагы "Кинокумар" берүүсүнүн алып баруучусу, радионун бренд үнү;

2015-жылдан бери Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында актер;
Альбина Имашова
Туулган жери, күнү —1983-жыл, 6-июнь

Туулган жери — Ысык-Көл облусунун Тоң району

Үй-бүлөлүк абалы — эки кыздын энеси

Билими:

2000-2005 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун актердук чеберчилик бөлүмүн бүтүргөн;

Устаттары — Алмаз Сарлыкбеков, Бектен Абдылдаев, Калича Сейдалиева, Замир Сооронбаев, Сарман Асанбеков.

Театрдагы ролдору:

"Манастын улуу Семетей" (Каныкей), "Курманжан датка" (Асел айым), "Жолугушуу (Айым), "Тумар Ханыша" (Амага Ханыша), "Чыңгыз хандын ак булут" (Догулан), "Саманчынын жолу" (Толгонай), "Үйлөнүү" (Агафия Тихоновна), "Сунуш" (Наталья Степановна), "Ревизор" (кызы), "Куру намыс" (Элен), "Оо кыздар" (Флюра), "Өлөрман эне жана балдары", "Азгырык" (Хева) жана башка ролдор.

Тартылган тасмалары:

"Бешкемпир" (1997), "Петрарканын окуусу" (2005), "Бешик" (2006), "Тенгри" (2007), "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Өтүнүч" (2009), "Баарын кайрадан баштайлы" (2011), "Аралык", "Нонсенс" (2012), "Көпөлөк" (2015), "Мегатой", "Чак түштөгү чагылган", "Сюрприз", "Саякбай" (2016), "Махабат", "Ата", "Бунт", "Понт", "Квартирант" (2017).

Иш тажрыйбасы:

1997-жылдан бери "Кыргызфильм" киностудиясынын кызматкери;

2002-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса;

Ошол эле театрдын окуу жайында "Сахна тили" боюнча мугалим;
Адыл Болорбек уулу
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 9-январь

Туулган жери — Ысык Көл облусунун Кара-Ой айылы

Билими:

2007-2011 — Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдан билим алган;

2011-2015 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино бөлүмүн аяктаган;

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Устаты — КРдин Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев

Театрдагы ролдору:

"Апендинин беш катыны" (Зубайда), "Тартюф" (Валер), "Ак Мөөр" (Болот), "Кыямат" (Эрназар), "Анархай" (Кемел), "Көк куш" (мышык), "Саманчынын жолу" (Жайнак), "Чыңгызхандын ак булут" (Дервиш), "Коркут ата" (Коркут), "Керез" (Файзулла Ногоев) жана башка ролдор;

Тартылган тасмалары:

"Мурут" (2013), "Курманжан датка" (2014), "Кентавр" (2017).

Маданияттын мыкты кызматкери, КРдин Эмгек сиңирген артисти Алтынбек Шатенов атындагы төш белги, ТҮРКСОЙ медалы жана башка наамдар.

Иш тажрыйбасы:

2011-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында актер.
Зарема Асаналиева
Туулган жылы, күнү — 1987-жыл, 25-ноябрь

Туулган жери — Ысык-Көл облусунун Каракол шаары

Билими:

2006-2011 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинде окуган;

Үй-бүлөлүк абалы — бир уулдун энеси

Устаты — Бектен Абдылдаев, Жамал Сейдакматова, Эрнест Абдыжапаров, Турганбүбү Бообекова

Театрдагы ролдору:

"Махабат жылдызы" (Чолпон), "Менин сүйүүм, менин махабатым" (Революция), "Наатан даанышман" (Река).

Тартылган тасмалары:

"Боз салкын" (2006), "Уурунун махабаты", "Гаишники" (2008), "Жаандын астында үчөө", "Күкүк Шахра" (2011),"Махабат" (2015), "Кентавр" (2017).

Иш тажрыйбасы:

2005-2010 — "Туңгуч" театрында актриса;

2010-2017 — Шаршен Термечиков атындагы Чүй театрында актриса;
Амантур Мусаев
Туулган жери, күнү — 1991-жыл, 27-сентябрь

Туулган жери — Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Бешкент айылы

Билими:

2012-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайды аяктаган;

Үй-бүлөлүк абалы — үйлөнгөн

Устаттары — Гүлайым Каниметова, Кенжегүл Сатыбалдиева

Театрдагы ролдору:

"Акылдан арман" (Чацкий), "Ажыдаар" (Ланцелот), "Азгырык" (Кара), "Эсимде" (Жайнак), "Чипполино" (ханзада Лимон);

Тартылган тасмалары:

"Көргүм келет", "Миллиондук мелдеш" (2013), "Чак түштөгү чагылган" (2014), "Миллиондук мелдеш 2", "Поларис шооласы" (2015), "Атанын керээзи", "Энеге зыярат" (2016), "Миллионердин сүйүүсү", "Такси" (2017).

Иш тажрыйбасы:

2012-жылдан бери Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында актер.
Алиша Диа
(Алиман Дүйшөналиева — ред.)
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 20-май

Туулган жери — Бишкек;

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Билими:

Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктаган.

Тартылган тасмалары:

"Тенгри" (2005), "Гаишники", "Уурунун махабаты" (2009), "Жаным" (2010), "Сүйө бил", "Кызыл көйнөкчөн 1-2" (2011), "Кандуу сүйүү" (2013), "Карт бойдок 1-2", "Салам Бишкек" (2014), "Кекеч" (2015), "Шаардык келин Шарапат 1-2" (2016-2017).
Анвар Осмоналиев
Туулган жылы, күнү — 1989-жыл, 17-июль

Туулган жылы — Чүй облусунун Аламүдүн районуна карашту Башкарасуу айылы

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Билими:

2007-2011 — Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы окуу жайды аяктаган;

Устаты — КРдин Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев

Театрдагы ролдору:

"Андерсонду ойнойбуз" (Карл), "Көк куш" (Тил-тил), "Тороздук зөөкүр" (Метин);

Тартылган тасмалары:

"Асман алдында" (2015), "Түндүк жаркырагы", "Энеке ", "Кокуй кошуна" (2016), "Жамгырдан кийин", "Сүйүү керемет" (2017).

Иш тажрыйбасы:

2015-жылдан бери кыргыз улуттук драма театрында актер.
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков, "Айтыш Фильм", Владимир Бабурин, Сергей Белошапкин, Улан Сагынбеков, Кыргыз драма театры, Санжар Абдыжапаров, Виктория Тян

Дизайнер
Даниил Сулайманов