Кырсыктан майып болуп жатсам күйөөм жаш аял алып кетти.
Үй-интернаттан репортаж
Кырсыктан майып болуп жатсам күйөөм жаш аял алып кетти.
Үй-интернаттан репортаж
Бул киши качандыр бир кезде үй-бүлөсүнө күн көрсөтпөй, тапкан акчасын көңүл ачууга, аракка коротуп келген. Көп өтпөй бала-чакасын таштап, башка жаш, сулуу аялга кетет. Эң кенже баласы ошондо жети айлык экен…
Бир аз өтпөй инсулька кабылат. Баягы жаш, сулуу ашыгы дартка чалдыккан кезинде баккандан баш тартып кетип калат. Азыр ошол киши ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) жана улгайгандар турчу Төмөнкү-Серафимовка интернат-үйүндө күн кечирип келет.

— Эч ким андан кабар албайт. Биринчи жубайы да, экинчи аялы да, жада калса балдары да келбейт. Карыгандагы жалгыздыгына жаштыгында кетирген катачылыгы себеп болуптур, — деди интернат-үйүнүн директору Бактыбек Жунушев.
Интернаттын аймагында маршруттук такси турат – өз чоң ата, чоң апаларын көрүүгө келгендер, туугандары. Күн көз уялтат, алыстан баланын күлкүсү угулат. Биздин чыгармачыл топту директор Бактыбек Жунушев тосуп чыкты.

— Бул жайда туугандары бар адамдар да жашайбы?
— Бизге өзгөчө кам көрүү зарыл болгон оор бейтаптар түшөт. Алардын туугандары керектүү медициналык жардам көрсөтө алышпайт. Калгандары – мында жашагандар тагдыр ташынан тайгаланган жалгыз бой, же үйүндөгүлөр менен ыркы келишпеген мурдагы аракеч-жаңжалчылар.
Төмөнкү-Серафимовка үй-интернатында азыр 341 киши жашайт, анын 129у — аял кишилер. Интернат 500 кишиге ылайыкталган.

Убактылуу тургундарга 230 кишиден турган чоң штат кам көрөт. Кызматкерлердин дээрлик баары жакын айылдардан.
Врач-терапевт Бактыгүл Шамиевна бизди 20 жылдан бери иштеген "чабал" корпуска узатты. Анын айтымында, жакындан тарта интернат тургундарын улгайган жана майып дебестен, "кызмат алуучулар" деп атоо тартиби киргизилген.

"Чабал" корпуста 43 адам дарыланат — күнү-түнү кароого муктаж төшөктө жаткандар жана оор бейтаптар. Бул корпус ичинде майып коляскачан адамдар өз алдынча көтөрүлүп, түшүүгө ылайыкталып (пандустары менен курулган) атайын курулган төрт кабаттуу имарат.
Интернаттын эң кары жашоочусу 90 жашта. Акен Касекованы 2010-жылы бул жайга алыс туугандары алып келген. Кемпирдин алардан башка тутунары жок. Бөлмөсүндө Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү коюлган чакан тумба турат.
Былтыр президент интернаттын абалы менен таанышып, эски терезелерин пластикке алмаштырууну тапшырган. Кыязы, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат бир гана корпустун терезелерин алмаштырууга жеткен.

Байбиче бөлмөсүндөгү топ адамды көрүп тартына түштү. Врач бизди башка палатага алып жөнөдү. Аны алты жылдан бери байырлаган аялдын тагдыры да татаал...
Калиман эже бул жакка чоң кырсыктан кийин түшкөн, аялдын жамбаш сөөгү, саны бир нече жерден сынып кеткен. Бирок бул аялдын башына түшкөн сыноолордун бири гана экен.

Калимандын күйөөсү ошол кырсыктан кийин эле далысын салат, орток батирин сатып, башка жаш аялга үйлөнүп алат. Бечара аялдын жашоосу кум сепил сымал урап түшөт. Төшөккө байланган төрт жыл ал үчүн азаптын аныгы эле.
Калиман башынан өткөргөндөрүн ыйламсырай айтып берип жатып, качан биздин оператор анын колунан чыккан буюмдарды көрсөтүүнү суранганда жандана түштү. Интернаттагыларга жана кызматкерлерге кийим тигип берет экен.

Кээде тургундардын кийимдерине да жамаачы салып берет. Анүчүн алардан акы да албайт. Интернаттын кызматкерлери да Калиман тиккен буюмдарды жактырып, кошумча кирешесин арттырууга кол кабыш кылышат. Кийим тигүүгө ал күнүнө бир жарым-эки саат гана бөлө алат, сыздаган муундары көпкө отургузбайт.
Аялдын айтымында, карыялар үчүн теребел жашылга бөлөнүп турган жылуу күн кадимкидей майра. Калимандын столунда сары май, эки түр кыям, момпосуй коюлган. Баса, кыямды өзү жасаган. Андан биздин чыгармачыл топ да ооз тийди.

"Көрүп турганыңыздай оокатты оңой эле жасайм, аздыр-көптүр акча да табам. Биздин директор жана медициналык кызматкерлерге абдан ыраазымын, алар мени бутка тургузду. Азыр тек гана үстүмдө үйүм болсун деп тилек кылам", — деди ал.

Бир бөлмө батир же чакан үй бөлүп берилишин өтүнө Калиман эже бир нече жылдан бери өкмөткө үнүн жеткире албай келет. Жазган каттарына жооп берген эч ким жок. Өмүр бою интернатты байырлоого болбостугун ал жакшы түшүнөт.

"Эгер турак жай беришсе, дароо көчүп кетүүгө даярмын. Бойго жеткен уулум бар, аны үйлөнтүшүм керек. Азыр Москвада иштеп жүрөт. Ал үйлөнүп калса, келинди кайда алып келет? Бул жайгабы? Болгону 52 жаштамын, дагы жашайм, небере жыттайм. Калган өмүрүмдү интернатта сүргүм келбейт», — деди ал көзү жашылдана.

Калиман эже бул материал жарыялангандан кийин ага көңүл бөлүп, баш калкалаар бир үй бөлүп беришер деп үмүт артат.
Интернаттын директору камкордугундагы бул адамдар менен сыймыктанат. Майыптыгына карабай алардын айрымдары өз жанын өздөрү багат, болбосо 500-1000 сомдук пенсия жашоосуна өп-чап жетет...
Бир кабат өйдө чыктык. Улукман медайым Айгүл жол кырсыгынан улам майып болуп калган адамдарды көп алып келишеринен кеп салды.

Он жыл мурун интернатка абалы өтө эле оор бир аял түшкөн, дарыгерлер анын денесин бирден чогулткандай эле болуптур. Оор кырсыктан кийин Оксана Романтееванын колунан башка бир да жери соо калган эмес. Унаа бир нече ирет тебелеп кеткен ошол күндү эстегенде Оксананын азыр да үрөйү учат. Жашап кете албайт го деп врачтар да шыбырашкан...

«Омурткаларымды түздөөдөн врачтар баш тарткан. Операцияны көтөрө албай калышымдан чочулашкан. Эки бутумду кесип, бул жакка жөнөтүштү», — деп эскерет Оксана.
Аял 90 градуска ийрейген жон аркасы менен сегиз жыл бою жашаган, бирок 2014-жылы анын турмушу жакшы нукка бурулду. Оксанага кымбат операциясын төлөп, дары-дармекке каражат бөлүп, майып үчүн атайын керебет да алып берген демөөрчү табылат.

«Териге пластина тигишкен, бирок бир ай өтпөй тигиштери ажырай баштады — организм бөтөн нерсени кабыл албады көрүнөт. Андан соң ичегилеримди операция кылышты. Эми баса албайм, бирок тирүүлүктүн өзү эле кандай керемет», — деди Оксана.

Оксана колунан шиштерин түшүрбөйт. Байпак, моюн орогуч жана башка кийимдерди токуйт. Айтымында, өткөндө интернатка чет элдик ыктыярчылар келип, 20 буюм буюртма кылып, чет өлкөгө алып кетишкен. Кымындай нерсе болсо да, бул – анын чоң жеңиши.
Оксана менен аңгемелешип жатканыбызда далисте багуучулар жана кызмат алуучулар кызыга чогулуп калышыптыр. Капысынан баары бирден жок болду. Биз Оксана менен маектешип бүтүп чыкканыбызда коляскадагы бийкечтин күлкүсү далис жарды. Жигит анын колун кармап турат. Аларды жанараак далисте бизге кызыгып тургандар курчап алышкан.

«Булар Тимур менен Кызжибек. Жакында эле уулдуу болушту», — деп жөнүн айтып берди Айгүл медайым.

Жаштар 2013-жылы кат алышып таанышкан. Агезде жигит шаарда турчу, кыздын катаал тагдырынан кабары да жок. Көп өтпөй Кызжибек баарын жашырбай айтып берет, бирок жигит ага кайыл эле.
Тимур кыздын колун интернат директору Бактыбек Жунушевден сураган. Ал өз кезегинде жигитти бул жайга жумушка алып, эки жашка бөлмө да бөлүп берген.

Бир канча жылдан кийин түгөйлөр уулдуу болушат. Ымыркай азыркы тапта Токмоктогу Бөбөк үйүндө. Бирок жакында үй-бүлө биригет.

«Кудай буюрса, үйлүү болобуз, чүрпөбүздү алабыз да бул жактан көчүп кетебиз. Биздин азык-түлүк чакан дүкөнүбүз бар. Жолдошум экөөбүз перзентибиз эч нерседен кем болбой чоңоюшу үчүн колубуздан келгенин жасайбыз», — деп келечек кыялдарынан бөлүшөт Кызжибек.
Жаңыдан ата-эне макамын алган эки жашты узатып коюп, андан ары жөнөдүк. Медайымдар интернатта табышкан түгөйлөр аз эмес экендигин айтышат. Ошол чакта бир өспүрүм кыз бизге кызыгуу менен көз салып турду. Операторубуз камерага жылмайып коюшун суранганда ал уялып, бөлмөлөрдүн бирине жашынып алды.

«Биздин бир тургундун кызы. 15 гана жашта. Ал апасына каникулда жана дем алышта келет. Бишкекте окуйт, туугандарыныкында турат», — деп түшүндүрдү интернаттын кызматкери.

Биз ал бөлмөгө өтүп, анын тыкан жыйналгандыгына таңгалдык. Терезенин текчесинде жакшы багылган гүлдөр, дубалда бышык килемдер илинген. Бөлмө ваниль жыттанат. Бизди жүзүндө жылмаюу уялаган аял тосуп алды.
«Саламатсыздарбы! Журналистсиздерби? Сиздерди күтүп жатканбыз! Өткүлө, кыямдан таткыла, өзүм жасагам», — деп ал бизге кашыктарды узатты.

Гүлниза Урукова балачагынан бери биринчи топтогу майып. Ал үй-бүлө очогун тутантып, турмушка чыгып, балалуу болууну самаган. Көп өтпөй анын кыялы орундалат, бирок үйбүлөлүк бактысы көпкө узабайт.

«Туугандарым мени Ысык-Көлгө алып кетели дешкен, бирок менимче, ордум – интернатта. Бул жерде меникиндей эле кесели бар адамдар жашайт. Биз бири- бирибизди эң сонун түшүнөбүз, бир үй-бүлөдөйбүз», — деди Гүлниза.

Биздин сүрөтчү бөлмөнүн бурчундагы тигүү машинкасын жана түймө үчүн буюмдарын байкап калды. Гүлниза чоңоюп калган кызын 750 сом өлчөмүндөгү пенсияга багуу оңой эмес экендигин айтат. Ошол себептен, ал эч бир буюртмадан баш тартпайт, мейли аялдар үчүн чешка болсун, мейли моюн орогуч, алтургай, жууркан болсо көктөп берет.

Турмушуна жетерин айтып тапканына ыраазы. Гүлниза өзүнөн башка эч кимге таянбоого, ошондой эле тагдырына наалынбай өмүр сүрүүгө көнгөн. Келерки жылы он биринчи классты аяктай турган кызына жакшы билим берүүнү өзүнүн башкы милдети деп билет.

«Мурда кызым экөөбүзгө көңүл бөлүп, үй берет деп деп өкмөттөн үмүттөнөөр элем. Бирок жыл өткөн сайын сыйкырга ишеним өчүп баратат. Мейли, кандай болгон күндө да Кудай бизди калтырбайт», — деди ал.

Бөлмөгө тамак сүйрөгөн арабаны түртүп киргизишти — түшкү тамак маалы. "Чабал" корпустагы адамдардын тынчын албоо үчүн сыртка чыгууга шашылдык. Имараттан чыгып баратканыбызда биздин чыгармачыл топту интернаттын жетекчиси кармап, ашканага киргизди.
Ашкана 300 кишиге ылайыкташкан чоң зал. Ортосунда тамак таратуучу стол коюлган. Тамак жасалчу жери да ушул бөлмөдө эле, темир торчо менен далдоолонгон. Бурчта шар жана жасалгалар менен кооздолгон сахна жайгашкан.

Майрамдарда мында тургундар жана кызматкерлер чыныгы театралдык оюндарды коюшат.
Айтмакчы, үй-интернаттын өз наавайканасы бар. Ал да ушул эле – ашкана турган жайда. Күн сайын нан азыктарын жасоого бир кап ун сарпталат.

Ашканада өз алдынча басып-тура алгандар тамактанат. "Чабал" корпуста тамакты багуучулар ташыйт. Кызмат алуучулардын ар күнкү тамагына 100 сом, дары-дармегине 12 сом бөлүнөт.

Дары-дармекке эмнеге мындай аз каражат бөлүнөрүнө айран калдык, бирок врач-терапевт Бактыгүл Шамиевна бул жаатында көйгөй жоктугуна ынандырат.

«Абдан тажрыйбалуу врачтарыбыз бар, дары-дармек жетиштүү, бир дагы жашоочу көңүл бөлүүсүз калбайт. Тек гана бир маселе бар. Бейтаптар жатчу атайын керебеттер талкаланууда. Штативдер жокко эсе, тонометр жана процедураларды жүргүзүү үчүн эң зарыл медициналык жабдыктар жок», — деп билдирди ал.

Анын айтканына караганда, физбөлмө дээрлик жабдылган эмес. Интернатта алтургай, мындагылар көнүгүү жасап, машыга турган дубал бооруна тагылган спорттук жабдуу да жок.
Антсе да корпуста чоң плазмалык телевизорлор бар, аларды жергиликтүү тоо-кен ишканасынын кызматкерлери жардамга алып келген.

Эки жыл илгери мурунку президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик бюджеттен жаңы темир казанга акча бөлдүргөн, анткени, эскиси чыңалууну көтөрө албай калган. Ысык батареяларга карасак, жаңы казан жакшы эле иштейт көрүнөт.

Бактыбек үй-интернаттын турмушун алдаканча жеңилдетип турган демөөрчүлөргө ыраазы. Себеби, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат тургундарга ыңгайлуу шартты камсыздоого жетишерлик эмес.

Былтыр күздө жергиликтүү бейөкмөт уюм жер тилкесине бир жарым миң жемиш бактарынын – алма, алмурут, өрүк жана алча көчөттөрүн олтургузган. Андыктан, бир нече жылдан кийин интернаттын тургундарынын столунда жаңы бышкан жемиш, кыям, кайнатма шире жана кургатылган жер-жемиш коюлат.
Бул жайга келерден мурун биз кесиптештерибиз менен бирге жагдайды абдан оор элестеткенбиз. Балким, үрөй учурган тажрыйбалар жасалып, ачка-ток жашоо шарттары чагылдырылган голливуд тасмаларынын таасиридир. Биз башка жагдайга күбө болдук.

Бирок Төмөнкү-Серафимовка үй-интернаты толук оңдоп-түзүүгө, медициналык жабдыктарды сатып алууга жана кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга муктаж экендигин кабарлап койгонубуз ашыкча болбос.

Маселен, врач-терапевттер 8 миң сом, ашпозчу жана багуучулар 5-6 миң сом, кир жуугучтар андан да аз алышат.
От жагуучу Дмитрий биз менен сүйлөшүүгө кыйылып жатып макул болду.

— Эмнеге сиз мындай оор жумушка, ушундай арзыбаган айлыкка кайылсыз?
— Биз жакта иш табуу оор. Эмне иш тапсам, ага кирдим. Албетте, 6 миң сомго кенен жашай албайсың. Кудай жалгап, жакын жашайм, жок дегенде жол киреге акча кетпейт.


Ал мешке көмүр салды. Анын ыштан карарган жүзүнөн эч кандай эмоция байкалбайт.
Бул жайда төрт сааттан бери жүрөбүз. Адамдарды иштен дагы алагды кылууга болбойт. Директордун жардамчысы бизге кыска жолду көрсөттү. Интернаттан бир чакырым ыраакта айланасы тосулган чоң тилке жана отургузулган көчөттөр – баягы жемиш бактары көрүнөт.

— Сиздер мага келдиңиздерби? Мени алып кетесиздерби? Алып кеткиле мени! Улгайып калган аял кесиптешимдин жеңинен тарткылап, өткөрбөйт. Биздин артыбыздан чуркап келе жатты эле, кароолчу аны токтотуп калды.

Биз кадамыбызды илгерилеттик.
Автор
Жасмин Малашева

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Табылды Кадырбеков

Видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов