Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу
Алар ажал менен алышып, азабы тозокко тете химия терапия курстарынан өтүшкөн, туугандарынын көңүлүн чөгөрбөш үчүн дартын купуя тутса, кээси жашап кете аларынан күдөр үзүп да коюшкан... Булардын баары оор кеселди жеңип, кандай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин ачык айткандан эч жалтанбаган айымдар.

"Best муун!" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылган "Кайра жаралуу" долбоорунун алкагында Фрида Кало, Индира Ганди өңдүү белгилүү айымдардын жана дүйнөгө таанымал кыл калем сүрөттөрүнүн каармандарын замандаш айымдарыбыз кайталап көрдү.
Лунара Окушева
"Бейтаныш бийкечтин" образы, сүрөтчү – Иван Крамской
Сүт бездеринин рагы деп диагноз коюшканда жашоо мен үчүн токтоп калгандай туюлган. Өлүп калам го деп бир канча күн боздоп чыккам. Анан акыры өзүмдү колго алып, балдарымды ойлодум. Күйөөм жок, кыздарымды табыштай турган киши жок... Бул мага күч берип, шыктандырган башкы себеп эле, анткени балдарым үчүн жашап жүрөм да. Туугандарым менен акылдашып, операция дартты жеңүүнүн эң мыкты жолу эмес деп чечтик.

Жатын рагына кабылган улуу эжекемди операция кылып, кеминде эле он жыл жашайт деп убада кылышкан, бирок көп өтпөй андан айрылып калганбыз. Врачтарга ишенген жокмун, ошондуктан элдик табыптарга, эмчи-домчу апаларга, бакшыларга көрүнө баштадым. Бирок алардын ыксыз ыкмаларынын шыпаасы эч тийген жок. Соңунда операцияга макулдук берүүгө аргасыз болдум, химия терапиянын беш курсун алдым. Акыры кутулдум илдеттен. Азыр баары жайында, өзүмдү абдан жакшы сезем.

Бул дарт мага кандай сабак берди? Эң негизгиси — кандай мүшкүл башка түшсө да, кол куушурбай, өзүңө жана өз күчүңө ишенүү керек экен. Бардык кыргызстандык айымдарды өз саламаттыгын аярлап, жыл сайын гинеколог менен маммологдун текшерүүсүнөн өтүп турууларын өтүнөр элем. Эгер кандайдыр бир ооруну аныкташса, өзү айыгып калат деп кол шилтебеңиздер.
Сейданат Курманалиева
«Шабдалы кармаган кыз» образында, сүрөтчү – Валентин Серов
Элүү жылдык мааракеме кызуу даярдык көрүп жатканымда рак экенимди айтышты. Бул жаман жаңылыкты жакындарыма ачыктамак тургай, өзүм ишенгим келбеди. Адегенде бардык анализдерди тапшырып көрдүм, ооруканадан ооруканага чуркадым. Дарыгерлер операция жана химия терапия курсунан өтүүгө көндүрүп жатышты. Агезде улуу кызым Америкага кетүүгө камынып, кенжеси кош бойлуу эле, эгиз күтүп жаткан. Улуусу учаар алдында кайра кайтканында башка бирөө эмес, өзүм тосуп алам деген убадамды алды. Кызым менин ооруп жүргөнүмдү туйган өңдөнөт. Ал учуп кеткенден кийин операцияга макул болдум да туугандарыма билдирдим. Операциядан үч күндөн кийин кенже кызым ара төрөдү. Салмактары бир килограммдан, аябай эле кичине болчу. Врачтар ымыркайлардын жашап кетерине кепилдик бере алышкан эмес.

Ошондо болгон күчүмдү топтоп, тез сакайып, балдарыма жана неберелериме жардам берем деп өзүмө сөз бергем. Ошол окуялардан бери бир топ жыл өттү... Неберелерим чыйрак, сак-саламат, тызылдап чуркап жүрүшөт. Дартка чалдыкканга чейин үй-бүлөмдү багуу көйгөйү санаага салып, материалдык жагы гана түйшөлдүрүп, ошондон улам кыжалат болуп, жанталаша берчү экенмин. Эми өз ден соолугума кам көрүп, неберелеримди гана ойлоп калдым. Колумда барына тобо кылам.
Айнура Усманова
Индиялык саясатчы айым Индира Гандинин образы
2017-жылдын 7-декабрында экинчи даражадагы рак илдетине кабылганымды аныкташты. Алгач жакындарымдан оорум тууралуу жашырып жүрдүм. Өзүмдү аябапмын, жок дегенде аларды аяп коеюн дедим. Абдан коркунучтуу туюлду мага. Көрөр күнүм бүтөт тура ошо менен дедим.

Ал эми азыр – баары артта калганда ооруну кезектеги сыноо сымал кабылдап, өмүрдө дагы бир мүмкүнчүлүк бергени үчүн Кудайга шүгүрчүлүк келтирем. Жашоодогу көп максаттарымды алмаштырдым. Рак илдетине кабылганга чейин көп акча табуу жолун табам деп баш катырчумун, нерв коротчумун, болор-болбос нерселерге туталана берчүмүн. Азыр тек гана ырахаттанып жашайм, бардык нерседен жакшылык издейм, адамдарга болгон мамилени өзгөрттүм. Жашоом алдаканча жеңилдей түштү.

Мурда көйгөйлөрүмдү ачык айткандан коркчумун, эми баарына ачыкмын, эч кимден жашынбайм, мен башымдан өткөргөндөй абалга тушуккан адамдарга кол сунгум келет. Нервди сактаңыздар, туура тамактанууга ыктаңыздар, жаратылышка жакын болуңуздар, эс алыңыздар, акчаны бир бурчка катпаңыздар.
Жаңыгүл Молдобаева
19-кылымдагы француз актрисасы Жанна Самаринин образында
Өз алдымча текшерип жатып, шишик урунду колума. Анда 36 гана жашта болчумун. Доктурга кайрылдым. Сүт бездеринин рагы деген диагноз коюшту. Доктурдун сөзү мага өлүм өкүмүндөй эле жаңырды. Онкологиядан чыгып баратып, ызага алдыра көчөдө эле боздоп кирдим. Ошол чакта күйөөм телефон чалса, коркконумдан селейип калдым, бир ооз сөз айта албадым. Ал жактан мени улуу кызым алып кетти. Өзү бала туруп, баарын жеңебиз деп чоң кишиче мени кайраттандырды.

Эгер бир заматта бардык тапкан оокатыңдын баалуулугу жоголо түшсө, өмүр бою тытынып иштеп, акчанын артынан түшүүнүн зарылдыгы канча деген ойго баттым. Көп өтпөй бычак тийгизүүгө макул болдум. Ошондон кийин ушундай бир сезимдерге чулгандым десеңиз, сырткы келбетимди: чач жасалгамды, түсүн кескин түрдө өзгөрттүм, өтмүшүмдү, канчалык туура эмес жашаганымды эске салган эски кийим-кечегимдин баарын өрттөдүм. Оору өмүр бою эсимде калчу жакшы сабак берди. Дарттан кутулган соң адамдарга мурдагыдан жылуу карап, майда-чүйдө нерсени капарга илбей калдым.
Катя Патлай
Сүрөтчү Ян Вермеердин "Бермет сөйкө тагынган кыз" чыгармасындагы образда
Рак экенимди көптөн күткөн кош бойлуулук кабары менен бир убакта уктум. Адеп алсыздык жана коркунуч басты мени. Анан кайра бир чара көргүм келди. Интернетти чукулай, жакшы врач таап, Алматыга жөнөдүм. Ал жактан мага калкан бези кош бойлуулукка тоскоол эмес дешти.

Көп эле нерсе баштан өттү... Оору азабын тарттым, оор эле болду, корктум, уйкум бузулду, бирок анын баары утурумдук кыйынчылык экенин билчүмүн. Операциядан кийин таптакыр башкача сезип калдым өзүмдү. Кандайдыр бир нерселер эч качан эми мурдагыдай болбойт. Ошентсе да көп күткөн перзентимдин жарыкка келиши менен жашоом таптакыр өзгөрдү. Баса, кош бойлуулук убак да эң сонун болду.
Тынара Касымалиева
Мексикалык сүрөтчү Фрида Калонун образында
Жети жыл мурун өз алдымча текшерип жатып сезип калдым, дендароо боло түштүм. Өзүмдү дайым сак-саламат аял катары санап, качандыр бир кез бул жаман илдетке кабыларымды түк ойлобопмун. Дароо оюма атасынан эрте ажыраган үч уулум келди, эми менсиз калышына жол бере алмак эмесмин. Депрессияга чөмүлүп, кымгуутка түшүүгө убакыт жок эле. Кимге арызданмак элем? Апамабы? Ал санаага батмак.

Операция боюнча туугандарымдын эч бирине ооз ачпадым. Тозоктун болгон азабын тарттым: химия, шоолага тосуу. Соңку максатым – балдарым, алар үчүн аман калуу. Андан бери далай суу акты. Ооруну жеңгенден кийин бар күчүмдү элге көмөктөшүүгө багыттоо боюнча так кесе чечим кабыл алдым. Азыркы тапта «Европа Донна Кыргызстан» коалициясынын өкүлүмүн, "Эргене" коомдук фондусунун координаторумун. Биздин уюмдарыбыздын көздөгөнү аялдардын тукум улоочу органдарынын рак илдетине чалдыгышын алдын алуу жана дартты эрте аныктоо болуп саналат.
Гүлнара Сатыева
Француз модельери Коко Шанелдин образында
Ооруганымды билгенде балдарым жаңы эле окуусун аяктаган. Ал кабарды кабылдоо мага аябай оор болду. Анан да балдарымды жалгыз тарбиялагам, аларды кимге табыштайм? Кайсы жазыгым үчүн мындай илдетке чалдыктым? Эмнеге мынча эрте?.. Жообун таба албаган ушундай суроолор башымды маң кылды. Рак экенин билгенде адам жамандыкты гана күтүп, жашоодон үмүтү өчө түшөт тура. Андай чабал ойго мен да жетелендим. Бир нече ай гана жашап, кете берчүдөй сезилген. Анан Кудайга таянып, өзүмдү колго алдым. Баары Кудай жалгап артта калды. Операциядан кийин дарт тууралуу көп ойго чулгандым, акыры бул өмүрдөгү кезектеги эле бир сыноо деген бүтүмгө келдим. Жасала элек толтура ишим, аткарыла элек вазыйпам арбын, өлүмгө кезек жете элек дедим.
Нуриля Чекирова
"Best муун!" коомдук бирикмесинин мүчөсү
"Кайра жаралуу" — маалымдоо-агартуучулук мүнөздөгү долбоор. Биздин максат — онкологиялык оорулар туурасында адамдардын пикирин өзгөртүү, өз саламаттыгына олуттуу карап, кам көрүүгө аялдардын көңүлүн буруу. Врачтарга кайрылып, дарттын алдын алуу, создуктурбай дарылануу өтө маанилүү, илдет өзүнөн айыгып кетет деп кол шилтеген натуура иш. Рак жынысына, улутуна же курагына карабастан ар кимди тоорушу мүмкүн, андан эч ким корголгон эмес.

Жаңы башталган кезде дарыланса, адам рактан толук айыгып кете алат. Онкологиялык илдет табылса, анализдерге олчойгон суммадагы акча коротуп жеке бейтапканаларга чуркоонун кажети жок.

Анализдер, рентген, жымсалдоочу ич кийимдер — мунун баарын мамлекет акысыз берет. Ошондой эле жубайлары рак менен күрөшүп жаткан мырзаларды алардын жашоосу бүткөн тура, эмне болсо ошол болсун деп таштап кетпөөгө чакырар элек. Аларды таштай басып кетпеңиздер, кайра колдоо көрсөтүп, мындай кыйын кезеңди жеңип өтүүсүнө көмөктөшүңүздөр.
Автор
Жасмин Малашева

Фото
Татьяна Козаченко