Акаевдин келинине
кантип жолуктук.
Тунгуч президенттин
айылынан репортаж


Акаевдин келинине
кантип жолуктук.
Тунгуч президенттин
айылынан репортаж

Жоолукчан, спорттук шым кийген, отуз жаштар чамасындагы келин Япониянын эски автоунаасын шымалана жууп жатты. Бул аял бир кезектеги кыргызстандыктардын бешиктеги баласынан тарта билген, атактуу кишинин жакын тууганы…
Кеминдин Кызыл-Байрак айылына Бишкектен көп болсо үч саатта кирип барасыз. Мурдагы президент Аскар Акаевдин кичи мекени эки тарабынан тоолор менен курчалган айыл экен.

Кызыл-байрактыктардын ар бири "Акаевдин үйү" кайсыл жерде экендигин көзүн жуумп айтып бере алат. Ал эки үйдө тунгуч президенттин агасы Асанкул Акаевдин уулдары жашайт.

Айылды аралап бара жатабыз. Сырттан келе жатканда мүрзөгө жетпей, бурулуш керек. Саргыч өңдүү эки кабат үй көп тамдардын арасынан көзгө дароо урунат.
Үйдүн жанында япон өндүрүшүнөн чыккан, оң рулдуу эски автоунаа токтоп турат. Аны күрөң жоолукчан, спорттук шымчан, күрмөчөн келин жууп жатыптыр.
Аны алгач Акаевдердин үй кызматчыларынын бири экен деп ойлодук. Бирок ал Акаевдердин келини экен.

"Аскар Акаевич биз жакка сейрек каттачу, акыркы ирет 2005-жылы болуп кеткен. Эгерде ал азыр келип жүрсө баары билет эле да, туурабы? Алар менен өтө көп деле сүйлөшпөйбүз, бирок кайненем телефон чалышып турат", — деп айтып берди келин.

Маектешибиздин айтымында, аталган айылда алардын атактуу тууганына ичи чыкпаган кишилер дээрлик жок. Акаев жердештерин акча менен сатып алууга аракет деле кылган эмес.

"Ал башкаларды нааразы кылбайын деп Кызыл-Байрак үчүн көп деле иш жасаган жок. Чынын айтыш керек, Аскар Акаевич бул жерге асфальт жаткырып берди, ошол эле Ош облусунда канча жолдор салынды?" — деп суроо салды келин.
Маектешибиз үйүн жана өзүн сүрөткө, видеого тартпай эле коюшубузду суранды. Анткен менен абдан сылык-сыпаа жана жылуу маектешти.

Акаевдердин эски үйүн ал өзү жакшы көргөн тянь-шань карагайларынан улам тааныса болчудай. Келиштире салынган үч кабаттуу үйдүн жанында Аскар Акаев өскөн чакан үй турат.
Айыл тургундардын бири Алтынай Дүйшеева Акаевдердин кошунасы болуп чыкты.

"Эжем Аскар байке менен бир класста окуган... Ал айылга колдон келген жардамын кылды: мектеп салып, бала бакча курду. Жердешиң туурасында кантип жаман сөз айтууга болот?" — деп кеп учугун улады аял.
Кызыл-Байракта 70 үй-бүлө, тагыраны 400гө чукул киши жашайт. Экс-президенттин айылында деле жакырчылык сагалап турганын байкоого болот. Көп тамдардын терезеси полиэтилен менен чапталып, кулайын деп калган имараттар көзгө урунат.
Айта кете турган өзгөчөлүк, Россияга мигранттык кылып кеткендер аз. Айыл боюнча алар 5-6нын тегерегинде эле экен.
Элдин баары мал кармап, кызылча, картошка жана сабиз айдашат. Кызыл-Байракта машина айдагандарга караганда атчандарды көп кезиктирүүгө болот.
Жергиликтүү жашоочу Гүлнара Өмүралиеванын айтымына караганда, айылда жумуш дээрлик жок.

"Айылда бир нече тикмечи бар. Жумуш боюнча айтсам, мектепте, бала бакчада иштешет. Бизде 5-6 миң сом жакшы айлык деп эсептелет", — деп айтып берди ал.
Аялдар төрөгөндө бир ирет берилип жаткан 4000 сом — "сүйүнчү пулду" талкуулап баштады.
Алар үй-бүлөгө жардам катары, бир балага бөлүнө турган 500 сом кадыресе акча экендигин, аны чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтышты.

"Акча бере баштаса эле аракеттенип, көп төрөй баштайт элек",— деп да тамашалашты.
Медициналык кызмат көрсөтүү боюнча абалды кеп кылышканда эки айылды бир медициналык айым тейлей турганын билдик. Ал эми олутуураак оору болсо бир саат жол жүрүп Кемин райондук ооруканасына барууга туура келет экен.
Эл турумуш-тиричиликке керектүү буюм-тайым менен азык-түлүк сатып ала турган бир чоң дүкөн жана чакан павильон бар экен. Биз барганда дүкөндү кара кулпу кайтарып туруптур.

Айылдан чыгып бара жатып советтик типтеги жакшынакай аялдаманы байкадык. Ал жерден биздин автоунааны атчан бир жигит узата карап, кала берди...
Автор
Асель Минбаева

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Эмиль Садыров
Табылды Кадырбеков

Видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов