Жети жылда бир да бала төрөлгөн эмес! Чүйдөгү унутта калган кыштактан баян
Жети жылда бир да бала төрөлгөн эмес! Чүйдөгү унутта калган кыштактан баян
Бул кыштакта эки жылдан бери мыйзамга сый күч, баш кошуп, түтүн булаткан жан жок. Туз менен нанды сатып алууга бир жарым саат кетет: эң жакынкы дүкөнгө жол салынбаган тилке менен жүрүп олтуруп, 7 чакырымды басып өтүүгө керек. Бирок качандыр бир кезде кыштакта турмуш кайнап турчу...
Лениндин эски эстелиги кинотеатрдын урандыларына көз сала, жүрөгүн мыкчыгандай. Жарым-жартылай ураган имарат — Кыргызстандын эң аз калкы бар Кашка кыштагынын көзгө басар жайы.

Тургундар азыркы баш пааналаган үйлөрү канча турарын да билишпейт. Эптеп бул жерден кутулуп кетүүнү көксөп, турак үйлөрүн кароосуз калтырууга да кайыл. Келкели келип турганда 4 миң жашоочусу бар эле, азыр араң жүз киши чыгат.
Баса, Кашка кыштагы мурун Борду айылынын карамагында болуп, Бордунский поселогу деп аталчу. Кийин Орловкага карайт.

Кинотеатрдын урандыларынын жанында эки кабат болгон бала бакча турат. Ал жыйырма жылдан бери жабык — кыштакта бакчага барчу бала деле калган эмес. Анын имаратында азыр күйөөсү, үч баласы менен Зарина Берсигурова жашайт.

"Ушул жерде туулгам, убагында ата-энем жергиликтүү заводдо иштешчү. Бул имаратта күйөөм экөөбүз бир нече жылдан бери баш калкалайбыз, үч бөлмөлүү батирге окшоп калды. Турак жай үчүн эч кимге эч нерсе төлөгөн жокпуз. Шарттары деле жаман эмес: суу бар, электр бар", — деди ал.
Жолдошу кээде Бишкек же Москвага тыйын табууга кетет экен, бирок азыр иштебейт. Антсе да үй-бүлөнүн чакан чарбасы бар: тоок, уй багышат. Кыштакта дегеле жумуш жок.

"Мурда бул имаратта башка бир үй-бүлө турган, кийин көчүп кетишти. Азыр мында намазкана да иштейт. Дааватка жергиликтүү тургундар эле эмес, Орловкадан да келишет. Мечитке айландырууга аракеттеништи, бирок акча жок", — деп кайгырат үч баланын энеси.
Каражат бул айылда мечит курууга гана жок эмес, кыштактан бир дүкөн таба албайсың. Бир тоголок нан же май сатып алуу үчүн Орловкага дейре 7 чакырым жөө жүрүүгө туура келет. Адамдар азык-түлүктү чана менен ташып келишет.
Кашка айылына маршруттук такси күнүнө эки ирет: таңкы 7де жана түшкү саат 1де келет. Ал унаа бир нече окуучуну Орловкага чейин жеткирет, себеби жергиликтүү мектеп имаратынын кыштарын акырындап чыгарып кетишүүдө. 6 наристени бала бакчага чейин ата-энелер кезектешип ташып турушат.
Пенсионер Сайраш Токушева тургундардын дарыгердин көмөгүнө жетпей калганына нааразы.

"Баарыбыз заводдо, зыяндуу өндүрүштөрдө иштегенбиз. Кокус бир нерсе болсо, тез жардам да келбейт. Ооруканага чейин жөө же такси менен жетүүгө туура келет. Бул кымбат – Орловкадан бери болор-болбос 7 чакырымга 200 сом алышат", — деп капаланат Сайраш апа.
Маалында тоо-металлургиялык комбинатында (азыр ал "Кыргыз химиялык–металлургиялык завод" ААК деп аталат) Кемин районунун 4 миң тургуну иштечү. СССР ыдыраганда ал да жабылып калды.
Заводдун мурдагы кызматкери Дүйшөнбек Айылчиевдин айтымында, 1995-жылы гана жергиликтүү калк баары бүткөнүн түшүндү. Колунан келгени жер которуп кетти.

"Завод бай, гүлдөп турган болчу. Азыр мал багуудан башка алектенер иш жок. Пенсия менен жан багабыз. Өлүп калсак да баары бир окшойт, баары бизди унуткарышты!" — деди пенсионер.
Милиционерди кезиктирдик. Өзү Орловкадан экен, бирок Кашка кыштагын да карайт экен. Тартип сакчысы ысымын атабады, эрежеге жат экен.

— Быйыл да, өткөн жылы да бир дагы кылмыш катталган эмес. Алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз.
— Балким, кылмыш жасар киши жоктур?
— Ал жагы да бар (күлүп).
Соңку 7 жылда кыштакта бир да ымыркай төрөлгөн эмес. Бир дагы үлпөт тою өтпөдү. Жаңы көчүп келген жан да жок.
Лениндин таш тулкусу урандыларды карап турат. Бир нече жыл мурун аны кулатууга бел байлашкан, азырынча чоло тие элек.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары СССР кезинде гүлдөп туран Майлуу-Суу шаарынын уран калдыктары көмүлгөн жерден репортаж даярдашкан.
Автор
Асель Минбаева

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Эмиль Садыров
Табылды Кадырбеков

Видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов