Бир жылда бир батир ала турган акча тапчубуз. Жок болуп бара жаткан "Ош" базары
Ош базарындагы соодагер айымдардын бири көзү жашылдана өрттөнгөн, булганган товарларын жыйнап жүрөт. Контейнери күйүп жатканын көрүп, чыдай албай ыйга муунат...

Өткөн шейшембиде Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагында чоң өрт чыкты. Ондогон павильондор ичиндеги товары менен кошо күйүп кетти. Кырсык кесепетинин көлөмү, себептери азырынча тактала элек.

Толкун базарда беш жылдан ашык убакыттан бери соода кылып келет. Айтымында, өрттөнгөн контейнердеги товар — анын болгон оокаты эле.
Базарда бир жыл иштеп эле бир батир алып коюшчу
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников аталган соода аймагында көйгөйлөр өрткө чейин эле башталганын айтат. Анын пикиринде, базарда иш адаттагыдан эки саатка кеч (10.00) башталып, 18.00дө аяктайт.
"СССР урагандан кийин соодагерлер жакшы каражат таба башташкан. Бир жылда бир турак жайга акча топтоп алышчу. Агезде, кыймылсыз мүлк азыркыга караганда кыйла арзан эле. Бул жакка Казакстан менен Россиядан да сатып алуучулар келишчү", — деп эскерет бул мырза.
Мурда мындай эмес эле. 5-8 жыл мурун Ош базарында турмуш кайнап турчу.

Таалай Усурманов павильондордун биринин текчесин 20 жылдан бери тейлейт. Базар жергиликтүү бийликтин карамагындагы кезинде эле ишке орношкон. Советтер Союзунун кыйрашын да, менчиктештирүү убагын да көргөн бул сатуучу.

2000-жылдары базарда Кытайдан алып келинген товарлар көбөйгөн, бишкектиктер гана тургай, алып сатарлардын да буга талабы күч эле. Мындан тышкары, курма, бадам, токой жаңгагы жана башка жаңгактын түрлөрүн оголе көп өлчөмдө ташый башташкан.
"Апыртып жаткан жерим жок, анда биз таңдан тарта күн батканча иштээр элек. Тапкан акчабызга үй куруп, балдарды университетте окутуп, машина, батир сатып алгам. Ал эми азыр өп-чап жеткирем", — дейт Усурманов.
7000 адам

Расмий маалымат боюнча базарда 7000 адам иштейт
Жыл сайын Ош базардагы жети миң сатуучунун ар бири 80 ижарага берүүчүнүн бирине эле 1,5 миң доллардан көбүрөөк акы төлөйт. Соода комплексинин ижара акысынан гана түшкөн жылдык жалпы киреше 15,5 миллион долларды түзөт.

Таалай Усурмановдун айтканына караганда, базар кожоюндары ижара акысын жогорулатуу туурасында улам сөз козгошот. Бирок сатуучулар азыркы шарттарга ичтери чыкпагандыктан, көп төлөөгө макул эмес.
70 млн. сом

"Ош" базарынан бир жылдык салыктын көлөмү 70 млн. сом
"Олтурган жерибизди силер деле карасаңар. Баткак, ылай, чатырдан суу тамчылайт. Ремонттон бир жыл өтө элек жатып шыпты өз күчүбүз менен оңдоого мажбур болдук. Азык-түлүккө эң көп дегенде 50-100 сомдон эле кошобуз, андан көп кылуунун кажети деле жок: эл сатып албайт, арзандатып бергендерге кетип кала берет. Азыктар эскирип кетпесин деп көп учурда өз баасына карматабыз. Эң көп соода болгон күн – жекшемби гана", — деди сатуучу.
"Фрунзе" ири соода түйүнүнүн коммерциялык директору Болот Мамбетжумаев базардын "кыйрап" баратышы күтүлгөн көрүнүш деген пикирде.
"Базарлар жабылууда, себеби, керектөөчүгө ыңгайлуулук керек. Сатуучулар карызга батат, иши токтойт... Ош базарынын ишин өзгөртүү маселеси он жылдан бери эле талкууланат. Мэрия, жеке ишкерлер жана көптөгөн адамдар бул көйгөйдү чечүүнү каалашат. Кептин баары — базарга өз ара макулдашууга баргысы келбеген 20 кишинин ээлик кылганында", — деп санайт Мамбетжумаев.
Ош базары качан пайда болгон?
Шаар куруу-пландоо устаканасынын мурдагы бөлүм башчысы Жыргалбек Асаналиев Фрунзенин борбордук базары алгач Өчпөс оттун жанында болгондугун айтат. Ал маалда калаада азыркы Ак үй курулушу жаңыдан башталып, базарды көчүрүү чечими чыккан.
"Эң ылайыктуу орун начарлап бараткан "Ала-Арча" базарынын аймагы эле. Эски базарды бузуп, анын ордуна жаңысын тургузушкан", — деп эскерет Асаналиев.
Жаңы рынокту республиканын түштүк облустарынан келген жумушчулар кургандыктан, "Ош" базары аталып калган. Айтмакчы, бул курулуш болуп көрбөгөндөй ыкчам убакытта – бир жыл ордуна алты ай аралыгында бүткөрүлүп калган.

Азыр соода комплекси 17 миң чарчы метр аймакты ээлеп турат. Мында 88 майда базар орун алган.
Мэрия жагдайды кантип жайгаргысы келген?
Бийлик базарды кайра жаңылоо демилгесин кайра-кайра кайталап келет. Объектинин инфраструктурасын жакшыртуу аракети эки баскычтан турган. Иса Өмүркулов мэр болуп турган кезде эле базардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын бир бөлүгүн тазалашкан. Кайра жаңылоонун экинчи баскычында жол чырактары орнотулуп, жолго асфальт төшөлмөк.
…Айжаркын базардагы павильондордун биринде эт сатат. Соодагердин айтымында, шаар бийлигинин соода комплексинин ишин жакшыртууга жумшалган бардык аракети базарды сактап калууга эч таасир эте албады.
"Шаарда ири дүкөндөр аз убакта эл бизге көп келчү. Мэрия инфраструктураны бузуп жатканын аңдабастан эле жакынкы аймактарга курулушка уруксат берип коет. А бизде килейген базарга бир гана унаа токтотчу жай бар!" — деп нааразы бул сатуучу.
Ал базарда 10 жылдан бери соода кылат. Анын күн сайын тапкан кирешеси 1,5 миң сомдон ашпайт. Азыр Айжаркын насыясын улам жаап турат, быйыл ал банкка дагы 10 миң доллар кайтарып берүүгө тийиш.

Жыргалбек Асаналиевдин айтымында, Бишкектин башкы архитектурасы шаар бийлигине базарды кескин түрдө кайра жаңылоонун планын сунуштаган, бирок талкуу уланбай калды.
"Биздин архитекторлор Ош базарын соода кылууга ары жагымдуу, ары ыңгайлуу жайга айлантуу ыкмасын ойлоп табышкан, бирок алардын пикирине кулак төшөгөн эч ким жок. Азыркыга чейин базар аймагында түшүнүксүз курулуштар тургузулуп жатат. Бейшеналиева көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жаңы имарат пайда болду, анын курулушуна уруксат берүү үчүн бизге жогорку кызматтагы аткаминерлер телефон чалып, опузалоого чейин барышкан", — деп мойнуна алат архитектор.
РИОМ унаа базарынын башчысы Айбек Баратов борбор калаанын эң эски базарынын тагдыры анык болуп калды деп эсептейт.
"Базарлар ири соода жайлары менен болгон атаандаштыкка туруштук бере албай баратат. Эгер бир нече жыл мурун мындай дүкөндөр манжа санагына чыкпаса, азыр алар арбыды, баалар да алда канча төмөн", — деп белгиледи Баратов.
Элди кайра базарга кайтаруу эми мүмкүн эмес, базардагы ишкерлерди алдыда дагы далай көйгөйлөр күтөт деген пикирде ал.
Жакынкы жылдары ишкерлерди эмне күтөт?
Калаа активисттери менен бизнесмендердин "Ош" базарындагы кырдаал жакында жөнгө салынарына көздөрү жетпейт. Бишкек шаардык кеңешинин өкүлү Павел Десятниковдун айтымында, бул соода жайынын кирешеси барган сайын төмөндөй берет.
"Азыркы чакта сатуучулар гана жабыр тартышууда, бирок аз өтпөй соода орундарынын кожоюндары да зыян көрө башташат. Бул базардын жабылышын шарттайт", — деп ойлойт шаардык депутат.
Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармагы биримдигинин президенти Сергей Пономаревдун пикиринде, жыл өткөн сайын элдин базарга баш багышы азаят, бул бардык соодагерлердин кирешесине таасирин тийгизбей койбойт.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы 30-январда чыккан чоң өрттөн кийин "Ош" базарын аралап, товарлары өрттөнүп кеткен соодагерлер менен маектешкен.
Автор
Светлана Федотова

Фото
Табылды Кадырбеков, Михаил Дудин, Акылбек Батырбеков, Александр Федоров

Видео
Эмиль Садыров, Акылбек Батырбеков

Дизайнер

Даниил Сулайманов