Кызыл кыргын түшкөн шаар.
Таш-Көмүрдүн татаал тарыхы
Бул шаардын алды сансыз байлыкка, анык табигый кенчке толо. Ашыкча байлык ташкөмүрлүктөргө далай азап тарттырганбы?
Кызыл кыргын түшкөн шаар.
Таш-Көмүрдүн татаал тарыхы
Бул шаардын алды сансыз байлыкка, анык табигый кенчке толо. Ашыкча байлык ташкөмүрлүктөргө далай азап тарттырганбы?
"Апа!" деп болгон үнү менен кыйкырып жатты беш жашар бала. Чуркап бараткан адамдардын арасынан тааныш жүздү издеп... Ага көңүл бурган эч ким жок, баары жалын жалмап бараткан шаардан жанын аман калуу аракетинде качып бара жатышты. Ар туштан мылтыктын үнү да жаңырат.

"Алтыным, келегой мага!" Баланы улгайган кошуна аял кучагына имерди. Алар элдин түмөн кербени менен бирге түштүккө карай агылышты. Кийин балага анын бүт бүлөсүн басмачылар атып өлтүрүшкөнүн кабарлашат...
"Таш-Көмүр жарчысы" гезитинин редактору жана калаанын тарыхы тууралуу китептин автору Сатыбай Каратаев туулган жери жөнүндө уйку алдында жомок окуп жаткан сымал кызыктуу баяндап берет. Чындап эле шаардын тагдыры жеңил болгон эмес.

20-кылымдын башында эле Россия империясы, Бельгия жана Англиянын шылуун соодагерлери бул жер боюнча бир нерсени – эгер терең каза келсе, көмүр чыгарын билип алышкан. Анан эле ойдуңдар казылып, шахталар ачылып турмуш кайнап кетти. Октябрь революциясынан кийин ал ишканалардын баары мамлекетке өткөрүлгөн.

Калааны 20-жылдары капсалаң каптаган, агезде шаардын калкы жети миңге чукул эле. Бир күнү эле Таш-Көмүрдүн жери канга боелуп калды.
"Аман-палван башында турган басмачылар шаарга кол салат. Өрттөлгөн көмүр бассейнинен улам Таш-Көмүрдү түтүн каптайт. Адамдарды көчөдөн эле атып, айрымдар Наманганга кире качып аман калышкан", — деп баян салат жазуучу.

Тарыхый жазууларда басмачыларды ымыркайдын денесин улак тартышка салып, кош бойлуунун ичин жарып, түйүлдүктү алып чыккандан кийин кайра саман тыгып турган деп ырайымсыз сүрөттөлөт.

Бир нече ай калааны аеосуз Аман бийлеп турган, кийин андан Таш-Көмүрдү кавалеристтердин кызылармиячыл отряды тартып алат. Соңунда Аман палванды атып салышкан. Коркунуч басаңдап калганда, 30-жылдары кайрадан көмүр казыла баштаган.
Көмүрдүн бир кабы 25 сом. Апачилердин оокаты
Көмүрдүн бир кабы 25 сом. Апачилердин оокаты
— Бул жакка киргенге тыюу салынат!

— Эже, биз эч нерсеге тийбейбиз, жөн гана камерага тартып алабыз.

— Макул анда. Тарта бергилечи. Талкалаган мен эмес да.

Шахта башкармалыгынын имаратына жолтоосуз эле кирдик. Каалганын туткасына байланган зымды алып салууга үч мүнөт эле кетти.
Качандыр бир кезде, 40-50 жыл мурун оболу бул жакта укмуш иштер жасалган. Таш-Көмүр айтылуу Кузбассты кубалап, ашып түшө турган абалга жеткен. Шахтерлор жылына миллион тоннага чейин таш көмүр казышкан. Азыркыга салыштырсак, өлкө боюнча казылган көмүр 250 миңге чыкпайт. Баса, Таш-Көмүрдүн тоо кыркалары кеминде 30-50 миллион тонна көмүр кенин катып жатат.

"Тасманы басып бара жатып тазалаба — кооптуу!" Шахта башкармалыгынын дубалында асылган плакат азыркыга чейин ушинтип эскертип турат. Андайлар ар кайсы жерде чачылган: кооздолгону да, советтик учурдагыдай жупунусу да бар. Дегеле издей келсек, кызык документтерди да табууга болот. Маселен, чаң баскан такта жана газга каршы кийилчү башкаптын арасынан шахтерлордун медициналык китепчелери да агарып көрүнөт. А бирок бул үч кабат имараттын бир да бурчунан эч кандай металл буюм кезиктире албайсың: бир да батарея жок, атүгүл, тоскучтар да түбүнөн омкорулган.
"Апачилер" деген түшүнүк (дүйнөдө түндүкамерикалык индеецтердин аталышы) Таш-Көмүрдө 90-жылдары пайда боло баштаган. Бул жерде уруксатсыз көмүр казгандарды ушинтип атап коюшат. Алардын саны азыр да арбын.

Тоону изилдеп, иштеп чыгуу жана көмүр кенине жетүү үчүн Айбек жана анын эки теңтушу бульдозердин ээсине 600 миң сом төлөп берген. Күн сайын бул жакка 8 киши келип, керкилери менен көмүр казышат.

Жумушчуларга көмүрдүн ар бир мүшөгүнө 25 сомдон берилет — орточо эсеп менен алар күнүнө 500 сомдун тегерегинде табышат. Үч ишкер жигит 40 килолук капты 130 сомдон сатат. Алар бул өтө деле кирешелүү иш эмес экенин айтышты.
"Мында көмүр менен алекмин, а үйдө бир кап да жок. Азырынча пайда таба элекмин. Абдан кооптуу иш, ооба, бирок Кудай сактасын, басып калган учур боло элек", — деди ишкер Айбек.

Көмүр казуучулардын иш учурун тартып жатып, биздин чыгармачыл топтун жарымынын көзүнө жаш айланды. Жок, ыйлагыбыз келгенден эмес, көмүрдүн чаңы көздү аябай ачыштырат экен. Көмүр бөлүкчөлөрү өпкөгө кирип, дем алуу кыйындайт, бул жер ден соолукту талкалачудай.
Таш-Көмүрдүн көмүрү менен Өзбекстандын Наманган шаары жылынат. Отун ал жакка поезд менен ташылат. Жыл башынан бери шаардын темир жол станциясынан ар бирине 70 тоннадан көмүр жүктөлгөн 1100 вагон жөнөтүлгөн.

"Өзүбүздүн, кыргызстандык вагондорубуздун дээрлик жоктугунан улам негизинен Өзбекстандыкы менен жиберебиз. Ошол үчүн сатып алуучулар өздөрү атайын Намангандан келишет. Бирок жакында биздин вагондор да пайда болот деп турабыз", — деди "Кыргыз темир жолу" ишканасынын түштүк бөлүмүнүн кассири Эдил Ибраимов.

Биздикилер жүктөп бүткүчө өзбекстандыктар четте эс алып турушат. Жобыр Нишанов алардын бири. Ал Таш-Көмүрдүн көмүрүн Наманганда жакшы алышарын жашырбады.
"Жыл башынан бери мен 86 вагон ташыдым. Өзбекстандын өлкө башчысы Мирзиеев Шавкат Миромонович жана Кыргызстандын президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке ишкерлерге бардык шарттарды жаратып бергендиктери үчүн ыраазычылык айткым келет", — деп белгиледи бизнесмен.

Техникабызды сумкаларга салыштырып, кеткенге камданып калдык. "Президенттерге менин ырахматымды жеткирүүнү унутпайсыңарбы?", — деп тактады бизнесмен. Албетте, унуткарбадык!
Текейден арзан кыймылсыз мүлк
Текейден арзан кыймылсыз мүлк
Ээн калган үйлөрдүн кожоюндары кезинде бул жерде бактылуу жашашканы байкалат. Чаң арасынан жакшы металл керебетинин сыныктары көрүнөт. Эски бешикте бир убакта ымыркай уктаса керек...

Береги хрущевдук үйлөрдүн үстүңкү кабаты толугу менен бош: ээн үйдү оңдоп-түзөгөнчө жашоого ылайык эки бөлмөлүү батирди 5-6 миң долларга сатып алууга болот. Таш-Көмүрдө кароосуз калган үй табуу татаал эмес, бүтүндөй ээн калган райондор бар.

Расмий статистикага ылайык, шаарда 22 миң киши жашайт. Бирок алардын канчасы мында калган туугандарына акча жөнөтүп, чет жерде иштерин Улуттук статком да билбейт.
Азыр Таш-Көмүргө каардуу 90-жылдардан кийин бир аз жан кирип калды. Тургундар ошол кезде беш гана бала бакча иштеп, ырайы жаман жакырчылык өкүм сүргөнүн эскеришет. Азыр турмуш жеңилдегенсиди: калаа көмүр жана мигранттар которгон акча менен жан багат.

Андан тышкары, Таш-Көмүрдө эки ишкана: металлургиялык кремний өндүрүүчү жана феррокуйма заводдору курулууда. Айтмакчы, соңкусу ушул тапта токтоп турат, себеби, инвесторлор менен бийлик электр энергиясынын акысы боюнча бир пикирге келише элек.
...Күүгүм тартып келатат. Короодо карыялар шашки мелдешине кызуу киришкен. Эне уулун колунан сүйрөп үйүнө бара жатат. Жашоо учугу уланууда.
Автор
Асель Минбаева

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Эмиль Садыров

Видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов